Бишкектеги Чоң Чүй каналына 19 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, 2-октябрга караган түнү бирөөнүн Алма-Ата көчөсү жактагы каналга түшүп кеткени тууралуу кабар айтылган.
Издөө иштерине Куткаруу кызматы тартылган. Азырынча жигит табыла элек.