Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусу убактылуу жабылды

10:37, 02 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Тогуз-Торо районунда 1-октябрда жааган жана дагы күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындай кадам адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынган.