Арчалы айылында алгачкы жолу бала бакча ачылды

10:27, 02 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Арчалы айылында 70 орундук заманбап бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, район боюнча быйылкы жылы 6 мектеп жана 3 бала бакча курулган.

Аталган бала бакчага бюджеттен бир дагы сом корогон эмес. Курулуш иштерине мекенчил жаштар демөөрчү болушкан. Бакча депутат Төрөбай Зулпукаровдун жетекчилиги менен курулган.