Бишкекте бир жума аралыгында жол эрежесин бузган 1 миң 380 факты катталды

09:36, 02 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте бир жума аралыгында жол эрежесин бузган 1 миң 380 факты катталды. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

20-сентябрдан 26-сентябрга чейин жүргүзүлгөн атайын рейддин жүрүшүндө унааны мас абалда башкарган 15 айдоочу аныкталган.

«10 айдоочу унааларынын айнектерин караңгылатып алган. 13 айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыкты. Дагы 5 айдоочу бейбаштык кылганы үчүн кармалды. 502 унаа айып короосуна киргизилип, 421 унаа эвакуацияланды», -деп айтылат маалыматта.