Ноокат районунда эки унаа сүзүшүп, бир айдоочу каза тапты

09:22, 02 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда эки унаа сүзүшүп, бир айдоочу каза тапты. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 22 жаштагы айдоочу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен Кызыл-Кыя шаарына бара жатып, каршы тилкеге чыга калган. Ал маңдайда келе жаткан «ДЭУ Нексия» унаасын сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесепетинен «ДЭУ Нексия» унаасынын айдоочусу ооруканада эсине келбей каза болду.