07:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөт башчы «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти менен жолукту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенине барган учурда «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алтын ишканасынын ишмердүүлүнө байланышкан актуалдуу маселелер жана Кыргызстан менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын Стратегиялык макулдашуусунун күчүнө киргенине байланыштуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы кенге барган сапарынын жыйынтыгында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

«Кумтөр кенинин эксплуатациялык мөөнөтүн узартуу маселеси «Центерранын» президенти Скотт Перри менен жолугушууда негизги маселелерден болуп талкууланды. Бул салыктык төлөмдөргө, жумушчу орундарды сактоо жана жалпы эле ата мекендик экономикага жакшы таасирин тийгизет. Компаниянын 2020-жылдагы бюджетине геологиялык чалгындоо иштерине 20 миллионго жакын доллар киргизилди», — деди премьер-министр. 

Ошондой эле Кыргызстанга дивиденттерди төлөө маселеси тууралуу дагы сөз болду. Скотт Перри жакынкы арада Директорлор кеңешинин кароосуна бул маселени киргизүүнү жана аны чечүүнү убада кылды. Мындан тышкары тараптар эсебинде 40 миллионго жакын доллар бар рекультивациялык фондго байланыштуу маселени дагы талкуулашты.

Кумтөр кениндеги концессиялык аянт тууралуу сөз кылган Мухаммедкалый Абылгазиев, учурда компания 2009-жылдагы келишимдин негизинде берилген кошумча аянтка ээлик кылууда, мындан башка кошумча территория дагы кошулган жок, Сарычат-Эрташ мамлекетик коругунан да жер берилген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар