Бүгүн Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт

08:39, 02 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкекте күн жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7, күндүз +18 градус жылыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн +7, күндүз +20 градуска жетет.

Нарында, +1; +16, Ысык-Көлдө +1; +16, Таласта +1; +18 градус жылуу болот.