ӨКМ эскертет: эртең Бишкекте сирена үнү жаңырат

16:28, 01 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең саат 11:00дөн тартып Бишкек шаарынын калктуу конуштарында калкты кабарлоо системасы аркылуу сирена үндөрү жаңырат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандык коргонуунун даярдык мерчемине ылайык, Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өткөрүлөт.
Буга байланыштуу, ӨКМ шаар тургундарына сиренанын үнүнө тынчсызданбоону эскертет.

Иш-чаранын негизги максаты- калкты өзгөчө кырдаалдардан сактоо, ар кандай кырдаалдарга даяр болуу.