Бишкек ЖЭБи кышка 90 пайыз даяр

16:17, 01 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек ЖЭБи кышка 90 пайыз даяр. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖЭБдин кампасында 130 миң тонна көмүр бар. Анын 119 миң тоннасы Кара-Кечеден, калган 11 миң тоннасы Казакстандан алынып келинген.

«Ташып келүү графикке ылайык аткарылууда. Күзгү-кышкы мезгилдин башталышында 200-220 миң тонна көмүр керектелет. Октябрда абанын температурасы орточо 10 градустан жогору жылуу болот. Мындан улам жылуулук сезону ноябрдын башында башталат», -деди Андрей Воропаев.