05:51
USD 79.50
EUR 92.65
RUB 1.03

Нарында ачыла турган өнөр жай соода-логистикалык борбору 13 миң иш орунду түзөт

Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат. Бул вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагындагы Кытайдан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин буга чейин кол койгон макулдашуусунун жыйынтыгы болуп саналат.

«Соода-логистикалык борбордун курулушу аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына байланыштуу демилгеленип жатканын өзгөчө белгилегим келет. Биз бүгүн Ат-Башы районундагы өнөр жай, соода-логистикалык борбордун курулушунун маанилүү маселелерин талкууладык. Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну эске алуу менен, бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн өкмөт тарабынан бардык тиешелүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды», — деди Замирбек Аскаров.

Ал соода-логистикалык борбордун ачылышы Нарын облусунун динамикалуу өнүгүшүн шарттайт жана 13 миң жумуш орду түзүлөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 миллион долларды түзөт. Аталган борборду куруу менен аймакка инвестиция тартылат, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жана экспорттун көлөмү көбөйөт, социалдык жана инфраструктуралык мааселелер чечилет.

Эң көп окулган жаңылыктар