Күбө: 13-майда Дүйшөнкул Чотонов Бишкекте болушу мүмкүн эмес эле

10:38, 01 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата кылмыш ишин кайра кароо башталды. Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Сотко күбө катары ИИМдин башчысынын мурунку орун басары Бактыбек Алымбеков чакырылган. Ал 2010-жылы иштеген. Күбөнүн айтымында, 2010-жылдын майында Ошто башаламандык болуп, мурунку президент Курманбек Бакиевдин тарапташтары бийликти кайтарып алгысы келген. Алар убактылуу өкмөттү бийликтен алып түшүрүүгө аракет кылышкан. 

Фото

«13-майда биз убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаковдун чечими менен Ошко учтук. Ал жакта туруксуз абал болуп турган. Абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн баары Дүйшөнкул Чотоновдун катышуусунда болду. Ал баарынын көз алдында болчу, муну ошол жакта көргөн элдин баары тастыктай алат. Ал 13-майда Бишкекте болушу мүмкүн эмес эле», -деди күбө.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.