00:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Президент кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

««Карысы бардын ырысы бар», «Карынын сөзүн капка сал» деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен. Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз. Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү — азыркы муундун милдети», -деп айтылат куттуктоодо.

Президент мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулуп жатканын айтат.

«Карыларыбызга болгон камкордук аркылуу мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу жана коомдун моралдык деңгээли бааланат. Андыктан баарыбыздын алдыбызда чоң жоопкерчилик, ишке ашырыла турган максаттар турат. Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү. Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп жашооңуздарды каалайм!», -деди мамлекет башчы өз куттуктоосунда.

Эң көп окулган жаңылыктар