11:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкектин Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, Honda Odyssey, Mazda жана Nissan үлгүсүндөгү унаалар бүгүн саат 9да сүзүшкөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, кырсыктын катышуучулары окуя болгон жерден бир пикирге келип ич ара териштирип алышкан. Жабырлануучулар жок. 

Эң көп окулган жаңылыктар