Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов камакта калтырылды

08:54, 01 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов камакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Мурунку аткаминер № 1 тергөө абагында 9-декабрга чейин кармалат.

Маалыматка ылайык, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Алга Кылычовго, Кыяз Смаиловго, Амантур Жамгырчиевге, Марат Шаменовго жана башка 3 кишиге ушундай эле бөгөт чарасы тандалды.

Эске салсак, Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылды.