Бишкек ЖЭБге 5 миң 309 тонна импорттук көмүр алынып келинди

16:58, 30 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек ЖЭБге 5 миң 309 тонна импорттук көмүр алынып келинди. Бул тууралуу «Электрдик станциялар» ААКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ташып келүү график боюнча жүрүп жатат. Отундун жаңы партиялары ЖЭБге дайыма ташылып келүүдө.

Эске салсак, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек ЖЭБге 1 миллион 114 миң тонна көмүр керек. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында айтылды. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдиргендей, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан 680 миң тонна көмүр ташылып келинген. Анын 150 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөгү көмүрдөн жана 2 миң 800 тоннасы импорттолгон көмүр.