Кара-Сууда 4 жана 6 жаштагы балдар сууга чөгүп кетти

15:13, 30 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы эс алуучу жайлардын биринде 4 жана 6 жаштагы балдар сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИББдан билдиришти.

Окуя 28-сентябрда болгон.

«Сууга чөгүп кеткен балдар ата-энеси менен чогуу эс алууга келишкен. Алар бассейиндин жанында ойноп жатып сууга чөгүп кетишкен. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Балдардын ата-энеси медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты», — деп айтылат маалыматта.