06:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Орок айылында жаңжал чыкты. Жергиликтүү тургун ок чыгарган

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Орок айылында жаңжал чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булак билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ жергиликтүү тургундар үйлөнүү үлпөт тойдон кийин уруша кетишкен. Анда эркек киши ок чыгарганы айтылат.

«Алдын ала маалыматка ылайык, бир жабырлануучу бар. Факт Ленин РИИБ тарабынан каттоого алынды», -деп билдиришти редакцияга.

Чүй ОИИББ ок атышуу болгонун тастыктаган да, четке каккан да жок.

Эске салсак, Орокто буга чейин да жаңжал чыккан. 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар