Кыргызстанда доллардын наркы бир жумада 25 тыйынга арзандады

09:29, 30 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда доллардын наркы арзандап жатат. Бир жума аралыгында анын баасы 25 тыйынга түшкөн.

Бүгүн акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда долларды 69,5-69,6 сомдон сатып алып, 69,75-69,78 сомдон сатышууда.

Ушундай эле абал июлдун башында байкалган. Бирок, доллардын наркы кайра көтөрүлүп 69,9 сомго жеткен.