Чүйдө эки бир тууган ажатканага түшүп кетип каза болду

09:16, 30 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында эки бир тууган балдар ажатканага түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Окуя 28-сентябрда болгон.

Маалыматка караганда, 13 жана 7 жаштагы бир туугандар дааратканага түшүп кетишкен. Жерине ӨКМдан 4 куткаруучу тартылып, балдардын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.

Кошумча маалымат берилет.