11:45, 27 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу 30-сентябрдан 4-октябрга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9дан 15:00го чейин Боом капчыгайында атайлап таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
30-40 даана унаа чогулуп калган маалда иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.