Президенттин атына жарандардан 10 миң 126 кайрылуу келип түштү

10:31, 27 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Ушул жылдын сегиз ай аралыгында президенттин атына жарандардан 10 миң 126 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жазуу жүзүндө (электрондук) - 7 миң 726 кайрылуу келген.

Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандардын саны — 1 миң 190, «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондору аркылуу кайрылган жарандардын саны — 693, коомдук кабылдамаларда маалыматтык-укуктук кеңештерди жана жардамдарды алган жарандардын саны — 353, Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфири» аркылуу кайрылган жарандардын саны — 164 түздү.

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын ичинен эң көп кайрылуу Бишкек шаарынын тургундарынан 3 миң кайрылуу, андан кийин Чүй облусунан — 1 миң 267, Жалал-Абад облусунан — 959, Ысык-Көл облусунан — 549, Ош облусунан — 547, Ош шаарынан — 402, Нарын облусунан — 298, Баткен облусунан — 385, Талас облусунан — 138, КМШ жана башка өлкөлөрдөн 181 кайрылуу келип түшкөн.