Ысык-Көлдө катталган жол кырсыгы бир кишинин өмүрүн алды

16:31, 26 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө катталган жол кырсыгы бир кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Кырсык Балыкчы-Каракол унаа жолундагы Жаркынбаев айылында катталган. Кесепетинен аталган айылдын 1984-жылы туулган тургуну каза тапты.

Маалыматка ылайык, «Мерседес-Бенц Спринтер 313» үлгүсүндөгү кичи автобусту У.Х. башкарып бара жатып, жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн. Шектүү кармалды. Учурда экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.