13:04
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Депутат: Кыргызстанда минималдуу айлык болгону 17 долларды түзөт

Кыргызстанда минималдуу айлык болгону 17 долларды түзөт. Бул тууралуу парламенттин отурумунда депутат Экмат Байбакпаев айтып чыкты.

Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетун угуп жатышат. Бюджет 100 пайызга аткарылган. Ал 51 миллион 157 миң сомду түзөт, ал эми анын аткарылышы 51 миллион 13 миң сомду түзгөн. Профицит 704 миллион сомго жетти.

«Эгер профицит болсо, анда эмнеге пенсия көтөрүлбөйт? Минималдуу айлык акы КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөн болуп жатта? Ал тургай Өзбекстанда бул көрсөткүч 21 долларды түзөт», -деди Экмат Байбакпаев.

«Бул суроону Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жолдосо жакшы болот. Мен бир нерсе гана кошумчалай алам, бюджеттик уюмдарда эң аз айлык акы 5 миң сомдун тегерегинде. Ал эми өзүбүздү пенсиялык төлөмдөр линиясы боюнча коопсуз кылуу үчүн, резервде туруктуу 1,5 миллиард сом кармап турушубуз керек», -деди Соцфонддун башчысы Медер Ирсалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар