17:57
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көлдө ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган 3 киши кармалды

Ысык-Көл облусунда ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган 3 киши кармалды. Алар буга чейин соттолуп чыккан. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 48 жаштагы Ж.Т., 39 жаштагы О.Н. жана 61 жаштагы И.В.нын , үйлөрүн тинтүү маалында тапанча, 19 патрон, бычак табылган.

«Кармалгандардын экөө ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Алар буга чейин баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолушкан», -деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар