Бишкекте жеңил унаа үйдүн дарбазасын сүзүп алды

10:39, 26 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Mercedes үлгүсүндөгү унаа үйдүн дарбазасын сүзүп алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Кырсык бүгүн таңкы саат 6 жарымдарда болгон.

Маалыматка караганда, айдоочу Фрунзе менен Буденный көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн дарбазасын сүзүп алган. Жабырылануучулар катталган жок. Айдоочуга жана үй ээсине материалдык чыгым келтирилди.