«Боюнчабы?», же «бокшча». «Адеп» китебиндеги каталар

10:21, 26 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

«Адеп» китебинде сөздөр ката жазылган. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.

Ал китепте грамматикалык каталар кеткенин белгилейт.

«Мисалы, «боюнча» дегендин ордуна «бокшча» деп жазылган. Ушул эле китептин 17-бетинде «бурима оюну» деп жүрөт. Эмне экенин таба албадык, ким билет?», — деп суроо салган.