10:21, 26 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
«Адеп» китебинде сөздөр ката жазылган. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.
Ал китепте грамматикалык каталар кеткенин белгилейт.
«Мисалы, «боюнча» дегендин ордуна «бокшча» деп жазылган. Ушул эле китептин 17-бетинде «бурима оюну» деп жүрөт. Эмне экенин таба албадык, ким билет?», — деп суроо салган.