Бишкекте уурулукка шектелип 30 жаштагы киши кармалды

08:55, 26 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте уурулукка шектелип 30 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Бишкектин тургуну арыз менен кайрылып, үйүнөн белгисиз бирөөлөр акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кеткенин айткан.

«Жалпы маатериалдык чыгым 123 миң сомду түздү. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Милиция окуянын шектүүсүн кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди», -деп билдиришти ШИИББдан.