Айсулуу Тыныбекова жаңы батиринен апасы экөөнүн түшкөн сүрөтүн жарыялады

16:31, 25 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсу балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жаңы үйүнөн апасы экөөнүн түшкөн сүрөтүн социалдык тармакка жайгаштырды. 

Фото

Эске салсак, бүгүн спортчу президенттин колунан 3 бөлмөлүү батирди белекке алган. 

Фото

Ал эми анын машыктыруучусуна акчалай сыйлык, ата-энесине президенттин энчилүү сааттары тапшырылган.

Кошумчалай кетсек, Нур-Султан шаарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында биринчиликти жеңип алган.