Эртең Бишкектеги Алыкулов көчөсүндө жайгашкан темир жол өткөөлү жабылат

16:04, 25 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкектеги Алыкулов көчөсүндө жайгашкан темир жол өткөөлү жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Саат 08:00дөн 17:00гө чейин темир жол өткөөлүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Садыгалиев көчөсү менен айланып өтүү сунушталат.