19:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Коопсуз шаар. Айыппулдар категорияларын азайтуу сунушталууда

Өкмөт жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынуучу айыптын көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, коомчулуктан жолдогу майда укук бузуулар боюнча айып пулдарды азайтуу тууралуу жетишээрлик кайрылуулар келип түштү.

«Коопсуз шаардын» алкагында коюлган аппараттык-программалык жабдуулардын негизинде унаа ээлирине эрежелерге баш ийүүгө жана жолдорду тартипке келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок өлкөдөгү жашоонун деңгээли жана орточо көлөмдөгү айлык акыны эске алганда, жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынуучу айыптын көлөмү көп болуп калганын моюнга алуу керек. Биз коомчулуктун келтирген жүйөсүн уктук. Ошол эле учурда мас абалында унаа башкаруу сындуу жол кыймылынын олуттуу эрежелери бузулган учурда төлөнүүчү айып мурдагыдай эле болот. Муну менен катар биз автотранспорт каражаттарынын ээлерин унааны башкаруу маданиятын жогорулатууга жана жол кыймылындагы процесстин бардык катышуучуларынын алдындагы жоопкерчиликти сезе билүүгө чакырат элек. Ар бирибиз жолго чыгып жатканда, унаа бул — адамдар үчун орду толгус зыян алып келиши мүмкүн экенин унутпашыбыз керек", — деди Жеңиш Разаков.

Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбооруна ылайык, бузуулардын 8 түрү боюнча айыппулдар категорияларын азайтуу сунушталууда:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу;

— автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;

— каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3 миң сомдон миң сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Эң көп окулган жаңылыктар