USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Саруу айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешине 9 аял шайланды

14:41, 25 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешине 9 аял шайланды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Маалыматка караганда, Саруу айылдык жергиликтүү кеңешине жалпы 79 киши талапкер болгон, алардын 16сы аялдар.

«Биз депутаттыкка талапкер болгон 65 кишинин колу коюлган кат алдык. Алар аялдар үчүн 30 пайыздык квотага макул эместигин билдиришкен. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында айрым аялдар- депутаттыкка талапкерлер эркектерге караганда көп добуш алышкан», -деди Нуржан Шайлдабекова.

Буга чейин Саруу айылынын эркектери президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго жамааттык кат жазышкан. Алар аялдар үчүн 30 пайыздык квотага макул эместигин билдиришкен. «Ошончо жакшы аялдарды кайдан табабыз?», -деп суроо салышкан алар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18