Бишкекте айдоочу 61 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп кетти

11:57, 25 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа 61 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Кырсык кечээ саат 20:30да катталган.

«Айдоочу 7-Апрел көчөсү менен бара жатып жолдо өтүп бара жаткан аялды сүзүп алган. Жабырлануучу ошол жерден каза болду. Материалдар Бишкек ШИИББнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Унаа айып жайына киргизилди», -деп айтылат маалыматта.