11:50, 25 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
3 мамлекеттик оорукананы өзүн-өзү каржылоого өткөрүү каралууда. Бул тууралуу тегерек столдо Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын өкүлү Кубанычбек Калмаматов билдирди.
Анын айтымында, «Дени сак киши- гүлдөгөн өлкө» аттуу калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча өкмөттүк программанын алкагында, пилоттук режимде мамлекеттик же улуттук статусту алып жүргөн стационарларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү каралган.
Биринчи этапта Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, Жүрөк хирургиясы илимий-изилдөө институтун жана Улуттук хирургия борборун өткөрүү пландалууда.
Кубанычбек Калмаматов кошумчалагандай, документ ведомстволор аралык макулдашуудан өтүүдө. «Андан соң медициналык жардам көрсөтүүнүн стандарттары, ар бир оорунун баасы иштелип чыгат», -деди ал.