03:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутат: Мектептердин 40 пайызы ысык тамак менен камсыздалган эмес

Кыргызстандын парламенти өлкө мектептериндеги милдеттүү ысык тамак тууралуу мыйзамды талкуулап жатышат.

Бүгүнкү күндө 625 миң 767 бала окуган (1-класстын окуучулары) 2 миң 265 жалпы билим берүү уюмдарында жана 1 миң 371 мектепте (1-4-класстын окуучулары) ысык тамак уюштурулган. Бул мектептердин 60 пайызын түзөт. Мектеп тамак-ашына 600 миллион сом бөлүнгөн. Дагы кошумча 88 миллион сом каралган.

Депутат Наталья Никитенко мектептердин 40 пайызында ысык тамак жок экенин эскертти. Алар- авариялык абалдагы жана контейнер мектептер. Билим берүү министрлигинин кызматкерлери аталган маселени 5 жыл аралыгында чечүүгө убада кылышты. Бул боюнча донорлор жардам берүүгө даяр.

Эң көп окулган жаңылыктар