18:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Керим Турапов адам өлүмүнө айыптаган ырчыдан кечирим сурады

Ырчы Керим Турапов мурдагы айыптоолорунан баш тартып, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдон кечирим сурады. Бул боюнча ал жергиликтүү гезитке берген маегинде билдирди.

Белгилей кетсек, Керим Турапов буга чейин маегинде Ибрагим Жунусов менен мамилеси жаман экенин айтып, кесиптешин эки адамдын өлүмүнө айыптаган.

«Гезитке чыккан маегимде такталбаган маалыматтардын негизинде Ибрагим Жунусовдун дарегине мен тараптан ачуу сөздөр айтылып кеткен болчу. Ошондуктан Ибрагимге «ак чөп башта» деп айтмакчымын. Ачуу-душман, акыл-дос деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Ибрагим Кожоназарович экөөбүздүн мамилебиз дайыма сый болгон жана боло бермекчи», — дейт Керим Турапов.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума