02:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кундуз Жолдубаева: УКМКнын жетекчилиги Атамбаевдин жансакчысына 2 жолу бут тосту

УКМКнын Тогузунчу башкармалыгынын кызматкери, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаевди кармоо үчүн, аны улуттук коопсуздук органдарынан бошотушкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Анын айтымында, кечээ Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасынын сурагына келди.

«УКМКнын жетекчилиги жансакчыга 2 жолу бут тосту. Биринчиси 7-августта Канат Сагымбаевди посттон алышкан эмес. Жансакчы корголуучу объектти акырына чейин коргоого милдеттүү болчу. Экинчи жолу- аны кызматтан алып салышты. УКМК буга маанисиз себеп таап чыкты», -деди Кундуз Жолдубаева.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар