Маевка айылында 2 күн бою жаратылыш газы жок болот

08:46, 25 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Маевка айылында 2 күн бою жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрдан 27-сентябрга чейин оңдоо иштерине байланыштуу, жаратылыш газы Виноградная, Жаш Гвардия, Жапаров жана Набережная көчөлөрү менен чектеш аймакта берилбейт.

26-сентябрда Ош шаарынын Учар көчөсүнө газ берүү чектелет.