12:52
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ноябрда Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет

Ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушканда айтылды.

"Нур-Султан калаасында ушундай ири масштабтагы иш-чараны ийгиликтүү өткөрүп жаткандыгы үчүн казак тарапты куттуктайм. Отурумга Европа, Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин жана эл аралык уюмдардын көптөгөн делегацияларынын катышып жатышы — Казакстандын жетишкендиктерин гана эмес, анын тышкы саясаттагы туруктуулукту жана эл аралык коопсуздукту сактоого багытталган аракетин, глобалдык интеграциялоо демилгесин таануу деп билем",— деди Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин ушул жылдын ноябрь айында президент Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен барууну мерчемдеп жатканын маалымдап, анын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери талкууланарына үмүт артарын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар