15:11, 24 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абаддын борбордук көчөсүндө жол эрежелери көзөмөлгө алынбайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.
Анын айтымында, мэриянын маңдайындагы борбордук көчөдө унаалар башаламан токтотулгандыктан, 3 унаа жүрүүчү жолдон 1 унаа араң өтүп, тыгын жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралууда.
«Көчөнү жаңы эле курушкан, бирок башаламандыкты көзөмөлдөгөн эч ким жок. Жолдун бир бетинен аркы бетине өтүш үчүн кыйынчылыктар жаралат», -дейт окурман.