26-сентябрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө муздак суу берилбейт

14:35, 24 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

26-сентябрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө муздак суу берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Көк-Жар» суу тосмосунда жана магистралдык суу куурларында оңдоо иштери жүрөт.

Михаил Фрунзе, Түгөлбай Ата, Панфилов жана Ибраимов көчөлөрү менен чектеш аймакта саат 9дан 15:00гө чейин суу берүү чектелет.