Жеңиш Разаков: Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу аяктайын деп калды

13:53, 24 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен районундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу аяктайын деп калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Эл аралык иштер жана коргоо боюнча комитеттин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, жолдун курулушу план боюнча жүрүүдө. «Жалпы смета 500 миллион сомду түздү. Узундугу 24 чакырым. Дагы 1 чакырым 300 метр жердин курулушу калды», -деди Жеңиш Разаков.

Эске салсак, Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна Тажикстандын тургундары бир канча жолу каршы чыгышкан.