18:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку Кеңеш чек ара чыры боюнча 8 токтом жана 4 чечим кабыл алган

2011-жылдан бери Жогорку Кеңеш чек ара чыры боюнча 8 токтом жана 4 чечим кабыл алган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Эл аралык иштер жана коргоо боюнча комитеттин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, өкмөт депутаттардын тапшырмаларынын 80-90 пайызын аткарууга жетишти.

«Парламенттин чечимдеринин дээрлик баардыгы аткарылууда. Баардык иштер жүрүп жатат. Мисалы, Баткен районундагы 1 миң 200 гектар жер аянтын трансформациялоо иши чечилди. Бүгүнкү күндө Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарындагы 497 гектар боюнча процесс аяктады. Калган жер аянттары боюнча текшерүү жүрүүдө», -деди Жеңиш Разаков.

Эң көп окулган жаңылыктар