23:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Макмал Голд Компани» Тогуз-Торо районунун өнүгүү фондуна 5 миллион сом которду

Макмалдын инвесторлору Тогуз-Торо районунун өнүгүү фондуна 5 миллион сом которушту. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ААКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Макмал Голд Компани» ЖЧК менен Тогуз-Торо районунун калкы августтун башында макулдашуунун акыркы вариантына кол коюшкан. Анын шарты боюнча, инвестор фондго 5 миллион сом которушу керек болчу. Мындан сырткары райондун бюджетине салыктан 40 миллион сом келип түштү.

«312 киши ишке орношкон. Алардын 283ү жергиликтүү тургундар. Чет элдик адистер үчүн 35 кишиге орун берилген, учурда 29у иштеп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар