ӨКМ: Нарын дарыясына түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды

10:36, 24 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Нарын дарыясына түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11 куткаруучу Бишкек—Ош унаа жолунун 424-чакырымында Нарын дарыясына түшүп кеткен 1969-жылы туулган И.А. аттуу аялдын сөөгүн суудан чыгарышкан.

Маркумдун денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.