Бишкекте Октябрь РИИБнын 4 кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармашты

09:28, 24 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Октябрь РИИБнын 4 кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, операцияны каржы полициясы жүргүздү. Кармалгандардын үчөө опер кызматкери, бирөө тергөөчү болуп иштеп келген.

Алдын ала маалымат боюнча, алар 2,5 миң доллар өлчөмүндө пара алып жатышкан.