Ысык-Көлдөн Бишкекке иштейбиз деп кеткен жубайлар изделүүдө

09:17, 24 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын тургундары изделүүдө. Бул тууралуу социалдык тармакка жакындары жазып чыгышты. 

Фото

Маалыматка таянсак, 1986-жылы туулган Марат Айтбеков жубайы Мээрим экөө мындан 6-7 ай мурда Бишкекке иштейбиз деп кетип ошол бойдон дайынсыз.

Жакындарынын айтымында, Марат Айтбеков бир аз кекечтенип сүйлөйт. Аялы Мээримдин бою кыска, бүкүрөйгөн сыяктуу.

Көрүп билип калгандар төмөнкү телефонго байланышса болот: 0 702 711556, 0 703 159060