USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кара-Суудагы атыш. ММА мушкери бутка ок жеди

14:21, 23 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышууда ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу бутка ок жеген. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк маалыматтар билдиришти.

Маалыматка караганда, анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткен.

Андан тышкары, Кылыч Саркарбаев дагы жаракат алган. Анын дагы мушкер экендиги айтылууда.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренесинин негизинде катталды.

Айрым маалымат каражаттары, атышуу катышкандарды Оштогу EREM спорт клубу менен байланыштырууда. Аталган клуб Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары Раимбек Матраимовго таандык экени айтылып жүрөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика