Баалуу буюмдарды мыйзамсыз жол менен алып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

16:32, 20 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

«Манас» эл аралык аэропортунда «Бишкек-Үрүмчү» каттамы боюнча уча турган жүргүнчүлөрдү бажылык контролдон өткөрүүдө, Кытай Эл Республикасынын жараны баалуу буюмдарды мыйзамсыз жол менен алып кетип баратканда кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кытайлык жарандын жанынан сары металлдан гранулалар (болжолдуу алтын), металлдан жасалган буюм, тарыхый баалуулука ээ болгон таштар табылган.

Бул факт Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.