Кыргызстандын мугалимдеринин айлык маянасын көбөйтүүгө 7 миллиард сом керектелет

13:42, 20 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын мугалимдеринин айлык маянасын көбөйтүү үчүн 7 миллиард сом керек. Бул тууралуу «Республика-Ата-Журт» фракциясынын отурумунда айтылды.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, 7 миллиард сомду Азия өнүгүү банкы грант түрүндө бөлүп берет. «2020-жылы жеке булактарды издеп баштайбыз», -деди министр.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, мектеп мугалимдеринин гана эмес, балдар бакчаларындагы тарбиячылардын дагы айлыктары көбөйөт. Алардын жалпы саны 120 миң киши.